super.kg logo

Бишкекте Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

 
Бүгүн, 9-сентябрда борбордук "Ала-Тоо" аянтында белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Маркум менен коштошууга президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт мүчөлөрү, санаалаштары жана жакын туугандары катышууда. 
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев: "Турдакун Усубалиев таза иштегени үчүн кызматтан алынган. Анын эмгектери менен биз дайыма сыймыктанабыз. Ал киши электр станцияларын, бир катар ири ишканаларды курду. Бишкекке мрамордон бир канча имаратты тургузду. Ак үйдү, "Ала-Тоо" аянтын ушул киши курган. Ал каза болгон күнү Нарында жер силкинди. Бул да жөн жерден эмес. Аны элеси эч качан унутулбайт. Ал бүт өмүрүн мекенге арнаган, сабырдуу, абийири таза инсан эле. Кош, ага, жаткан жериң жайлуу болсун!"- деп сөзүн жыйынтыктады.
Т.Усубалиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. 

Т.Усубалиев 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү узакка созулган оорудан улам 96 жашында көз жумду.

Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиев 1919-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында туулган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун, 1945-жылы КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти, 1965-жылы В.И.Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. Көп жыл мамлекеттик түрдүү кызматтарда иштеген.

1958-1961-жылдары Кыргызстан КПнын Фрунзе шаардык комитетинин 1-катчысы, 1961-1985-жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, 1962-1984-жылдары СССР Жогорку Советинин 5 жолку, 1959-1985-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку, 1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 1-даражадагы Манас, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. Былтыр анын 95 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген. 





Турдакун Усубалиев жерге берилди

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(16)
09.09.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ала-Тоо аянты да ушул кишинин тушунда курулса керек эле.Жаткан жериниз жайлуу болсун!
09.09.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
09.09.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы саясатчылар ушул кишидей иштесе кыргызстан онугот беле.....
09.09.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турдакун ава сизди узатканы бара албай калдым капа бовон эми.
09.09.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
09.09.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ишмер адам эле....
09.09.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турдакун ава жаткан жериниз жайлуу болсун,топурагыз торко болсун.Билип билбей жасаган иштеринизди аллахым кечирип оз ракматына алсын.Сиздин Кыргызстан учун жасаган эмгегиниз эч качан унутулбайт,ар дайым Кыргыз элинин эсиндесиз.Кош бол Турдакун ава!!!(((((
09.09.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Минустары коп бу кишинин
09.09.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulanbek120190,озундун минустарын жокпу?
09.09.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олгондун артынан жаман айтпаш кк.
09.09.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SHAHDAR,туура, маркумду жамандоо чон куноо
SUPER.KG видео
09.09.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jatkan jeri jayluu bolsun
Медиа-портал
09.09.2015. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
козу откондон кийин мактап плошадька алып барып жолдун баарын жаап салып андай эле мындай эле деп айтып атышат чондорубуз ""анчалык жакшы корушот экен козу тируусундо мактап теле радиедон бербейби козу тируусундо сыйлап жолдун баарын жаап президент жанына алып журсо суйунбойт беле " эми козу отсо калп эле акча берип №тируусундо берсе суйунбойт беле
10.09.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу откон деп эле жаман жактарын айтпай коюу туура эмес болуп калат го дейм.Кезегинде озун жердеги кудайдын колокосундой сезген адам эле жер жамандап барбасын.Онго кылыгы унутулса да озуно тентайлаша келаткан С.Ибраимовду ушу киши олтурттургон деген соз унутулбайт болуш керек
SUPER.KG видео
11.09.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 жаштагы чалды эмнеге жанына алып журот эле? Соз деп эле суйлой бересинер. Жакшы эле сыйда журду. Резиденцияда жашады омурунун аягына чейин...
Медиа-портал
15.09.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: