Бишкекте 23 жаштагы кызды зордуктоо боюнча 49 жаштагы киши кармалды
Бишкекте 23 жаштагы кызды зордуктоо боюнча 49 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, милицияга 23 жаштагы Бишкектин тургуну Бах жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде 40-45 жаштардагы белгисиз адам тарабынан зордуктоого кабылганы боюнча кайрылган. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 49 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургунун кармашты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

ушу зордук зомбулук жасаган
жарандарга,олум жазасын
киргизуу маселесин талап кылуу
керек.