super.kg logo

Бишкекте жооптуу кызматта жасалма документ менен эки жыл иштеген кызматкерге карата кылмыш иши козголду

 
Бишкектеги Свердлов райондук муниципалдык аймактык башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп жасалма диплом менен иштеген кызматкерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 10-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, С.А. аттуу жаран 2013-жылдан баштап 2015-жылдын июлуна чейин Свердлов райондук 19-муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Ал эми 2015-жылдын 6-июлунда башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалар алдында мэриянын кадрдык кызматына ЖОЖду бүткөндүгү тууралуу дипломдун көчүрмөсүн берген. Ж.Баласагын атындагы КУУну бүтүргөндүгү тууралуу диплом текшерилгенде С.А. аттуу жаранга берилбегендиги аныкталган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.09.2015. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо,таза диплому барлар ишке кире албай журушсо муну кара жаны алдар косо окшойт
10.09.2015. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий ит эле болуптур да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: