super.kg logo

ИИМ: "Буга чейин соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү "фермерлердин малын тартып алган" деп шектелип кармалышты"

 

Акча талап кылып, тоноочулук менен алектенген топтун мүчөлөрү Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан кармалышты. Бул тууралуу 10-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, фермерлерди коркутуп, күч колдонуу менен алардын малын тартып алганга шектелгендер буга чейин сот жообуна тартылышкан. 

2015-жылдын апрель айында Чүй районунун Шамшы капчыгайында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бир
үй-бүлөнүн 13 баш кою менен 4 жылкысын тартып алышкан. Натыйжада 300 миң сомдон ашуун зыян келтирилген.

Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1969-жылы туулган С.Т., 1993-жылы туулган Р.А. кармалды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: