Жылнаама, 13-сентябрь: Мындан 46 жыл мурун ырчы Асел Турдалиева жарыкка келген

Алгач сахнага "Жаз жамгыры" ыры менен чыккан. 1994-жылы Бек Борбиевдин "Бек" аталышындагы тобунда ырдап, 1995-1996-жылдары өзү "Асел Азия стайл" тобун түзүп, өз алдынча иштей баштаган. 2000-жылдан баштап Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу болуп иштеп, учурда (2015-ж.) кафедранын доцентти, сырттан окуу бөлүмүнүн башчысы.
Асел Турдалиева 2007-жылы КРнын Президентинин Ардак грамотасын, 2009-жылы "КРнын Эмгек сиңирген артисти", 2012-жылы "Маданияттын мыкты кызмматкери" наамдарынын ээси болгон.
* Мындан 92 жыл мурун, 1923-жылы Улуу Ата Мекендик согушта аялдар арасында алгачкы жолу "Улуу Ата Мекендик согуштун Баатыры" наамын алган партизан Зоя Космодемьянская Тамбов облусунда төрөлгөн. Ал Батыш фронтунун диверсиялык-чалгындоо тобунда кызмат кылган. 1941-жылы немистердин тылына түшүрүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлердин эрдигинин белгиси болуп калган. Анын образы адабий чыгармаларда, публицистикада, кинематографияда, живописте, монументалдык искусстводо, музей экспозицияларында чагылдырылган.
* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы АКШда “Битлз” тобунун “Уesterday” ыры жарыкка чыккан. Ырдын автору Пол Маккартни болгон. Ыр тез убакыттын ичинде хитке айланып, АКШ, Канада, Жаңы Зеландия жана башка өлкөлөрдүн хит-параддарында узак убакыт биринчиликти бербей келген.
* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы орусиялык ырчы Ираклий Пирцхалава Москвада туулган. Ираклий 16 жашында эң алгачкы ырын жаздырып, ал эми 1990-жылдардын аягында 2000-жылдардын башында "Тет-а-Тет" тобунда ырдаган. Ырчы 2003-жылы "Фабрика звёзд" музыкалык долбооруна катышып, ошондон улам анын атактуулугу арта баштаган. Ошол убакта Ираклий Пирцхалаванын "Вова-чума", "Лондон-Париж", "Время" аттуу ырлары хитке айланып, 2004-жылы "Лондон-Париж", 2005-жылы "Капли абсента" ырлары үчүн "Алтын граммофон" сыйлыгына ээ болгон.

Зоя Космодемьянская 1941-жылы 29-ноябрда Петрищеводо каза болгон.


13-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.