ЭЛДИК КАБАР: Таш-Көмүр шаарындагы соодагерлер мэриянын алдына митингге чыгышты

Бүгүн, 14-сентябрда Таш-Көмүр шаарындагы базарда иштеген 100гө чукул соодагер мэриянын алдына митингге чыкты. Алар базардагы орундуктары үчүн салыктын жогорулап кеткенине нааразычылыктарын билдиришүүдө. Бул тууралуу 14-сентябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман кабарлады. "Буга чейин бир орунга ай сайын 500 сомдон төлөп келгенбиз, эми сентябрь айынан тартып 1600 сомдон төлөйсүңөр деп жатышат. Мэриянын имаратына түшүндүрүүсүн талап кылып кирдик эле, кызматкерлер кууп чыгышты",- деди ал.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:23
2025-07-03
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.