Кыргыз-казак чек арасынан маңзат алып өтүүгө аракет жасаган кыргыз жараны кармалды

Бүгүн, 14-сентябрда “Чалдыбар-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан маңзат алып өтүүгө аракет жасаган Кыргыз Республикасынын жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, чек арадан Toyota Carina үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда унаанын ичинен полиэтилен баштыкчасына салынган өзгөчө жыты бар зат жана тамекинин бир даана кутучасынан тамекиге оролгон баңгизаттар табылган.
Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран жана алынган маңзаттар Панфилов РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.