super.kg logo

Бишкекке Токтогулдан баңгизат ташыган студенттер кармалышты

 

Жалал-Абад облусунда ири көлөмдөгү баңгизатты сатуу аракетин жасаган студенттер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын (БКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар баңгизатты Токтогул районунан борбор калаага ташып сатуу менен алектенишкен. БКМКнын кызматкерлери ыкчам иликтөө амалдарын жүргүзүп, Токтогул районунда баңгизатты сатуу-алуу аракети пландалып жатканын аныкташкан. 

"13-сентябрда түнкү саат 01:00 чамасында Үч-Терек айылынан үч адам кармалды. Алардын жанынан 2 килограмм баңгизат табылды. Кармоо учурунда алар качууга аракет кылып, бирок колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын экөө 20 жаштагы жана бири 21 жаштагы балдар, Бишкектеги жогорку окуу жайдын студенттери экени аныкталды",- деп билдирет мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: