super.kg logo

Жылнаама, 17-сентябрь: Мындан 59 жыл мурун Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев туулган

 
* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы СССРдин Спортко эмгек сиңирген чебери, Москва Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, белгилүү жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында туулган. 8 жылдык мектепти бүткөндөн кийин окуусун Таластагы №6-кесиптик окуу жайында уланткан. 
Биринчи устаты Анаркул Кибраев болгон. Сатымкул Жуманазаров 1976-жылы "СССРдин Спорт чебери", 1979-жылы "СССРдин Эл аралык класстагы спорт чебери", 1981-жылы "СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери" деген ардактуу наамдарга арзыган. 
Ал СССРдин чемпиондугунда 10 чакырым аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-Олимпиадада 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 11 мүнөт 16 секундада чуркап өтүп, СССР доорундагы марафончулардын олимпиадалык жарышка катышуу тарыхында алгачкы болуп 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган. 
Сатымкул Жуманазаров 2007-жылы 3-апрелде 55 жаш курагында кырсыктан улам каза болгон. Ал батириндеги балкондо иштеп жатканда 4-кабаттан жерге кулап түшкөн. 
* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы Кыргыз Республикасынын 4-Президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Атасы Шаршен сот системинде, апасы Канымкүл колхоздо эмгектенген. 
Алмазбек Атамбаев мектепти аяктаган соң Москва башкаруу институтуна тапшырып, 1980-жылы инженер-экономист адистигине ээ болуп чыккан. Ал эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган. 2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына расмий түрдө киришкен. Ал 1999-жылы Даңк медалы менен, ал эми 2007-жылы Данакер ордени менен сыйланган. "Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген класстык чини бар.
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы исламчыл согушчандар Айдаркен районунун борборуна жакын жерден мамлекеттик аскерлерге каршы чабуул жасашкан. 150 чамасындагы баш кесерлерге каршы майлуу-суулук өзгөчө батальон каршы туруп, согуш таңкы 4кө чейин уланган. Кармашта душмандар оор жоготууга учурап, ислам согушчандарынын талаа командири Абдулазиз Юлдашевдин сөөгү согуш талаасында калган.
* Мындан 228 жыл мурун, 1787-жылы Филадельфияда өткөн Конституциялык Конвенцияда АКШнын Баш мыйзамы кабыл алынган. "Дүйнөдөгү 1-Конституция" жана "бардык доордун документи" аталып, 1787-жылдан бери болгону 30га жетпеген түзөтүүлөр (кошумча, өзгөртүүлөр же жаңы редакция эмес) киргизилген. АКШнын Конституциясы "Биз, Америка Кошмо Штаттарынын эли, өзүбүздүн жана биздин тукумубуздун элин түбөлүк бекемдеп, ушул Конституцияны аныктап, Америка Кошмо Штаттары үчүн жарыялайбыз" деп башталат. АКШнын Конституциясы дүйнөдөгү эң эски документ болгону менен, ушул күнгө чейин АКШнын эң күчтүү юридикалык күчкө ээ мыйзамы. Андан улуу эч нерсе жок. АКШнын дүйнөдөгү эң күчтүү державага айланышына, туруктуу өнүгүшүнө, адам укугунун ыйык сакталышына ушул улуу документтин ролу абдан чоң. 
17-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.09.2015. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо, эртен президент Алмакем экообуз майрамдайт экенбиз да
Rashinboy түзөттү 17.09.2015 03:42
16.09.2015. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Улуу Кыргыз элибиздин тарыхында аты калуучу атактуу инсандарыбыз саналуу гана... Ошолордун катарында ажобуз Атамбаев да Сатымкул Жуманазаров да бар. Бирине бейиштин торун тилесем, экинчисине Кудай берген жашын жашап отушуно тилектешмин!
17.09.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президентибизге узун омур,чын ден-соолук иштерине ийгилик каалайм.Кыргыз элимдин кызматына жарап,коп,коп ийгиликтерди жаратыныз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: