Чүй облусунда атасы 2 жашар баласын тарбиялайм деп сабап, наристени комага түшүргөн
Чүй облусунда атасы 2 жашар баласын тарбиялайм деп сабап, наристени комага түшүргөн. Мындай маалыматты бүгүн, 16-сентябрда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 12-сентябрдан 13-сентябрга караган түнү Аламүдүн районунун 1966-жылкы тургуну 2013-жылы туулган баласын тарбиялайм деп сабаган.
“Жабыркаган баланын 1973-жылкы апасы үйгө кирип, уулу эс-учун жоготуп жатканын көрүп, аны №3-балдар ооруканасына жеткирген. Белгилүү болгондой, наристенин мээси чайкалып, денесинин бир топ жери көк ала болуп, ал тезинен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Окуядан кийин баланын атасы качып кетүүгө аракет жасаган, бирок ыкчам топ аны кармап, учурда ал соттун чечими менен камакка алынды. Ага Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду”,- дешти басма сөз кызматынан.



Ибрагим тууралуу кабара алып бергенге аракет кылабыз.
Карыганда коргон баласын акыл менен тарбиялабайбы, алдап эркелетип койсо бала кандай жумшарып жибип калат.
Анан келип калжандап колун которуп уйдо баатыр жоодо жок мээси аз немего
Бир катуу закон кирип булардын козу тазаланмайынча акмактардын оюну тыйылбайт.
Супер инфо ондобогула адамдын намысына тийдин деп, бул балага кол которгон намысы жок, мээси жок гана айбан чалыштар...