super.kg logo
  Саясат  

Президент "Датка-Кемин" долбоорун ишке ашырууга салым кошкон энергетика кызматкерлерин сыйлады

 
"Датка-Кемин" энергетикалык долбоорунун аякташы менен энергетика тармагынын айрым кызматкерлери жана Кытай өкмөтүнүн айрым өкүлдөрү мамлекеттик сыйлык менен сыйланышты. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. 
III даражадагы Манас ордени менен "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын башкы директору Медетбек Айткулов сыйланса, Данакер ордени менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И, Кытайдын соода министри Гао Хучен сыйланышты. Даңк медалы менен "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын Нарындагы филиалынын кызматкери Казыбек Көбөнбаев, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен КРнын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев, "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн бир катар кызматкерлери сыйланганы айтылат маалыматта. 
Эскерте кетсек, "Датка-Кемин" линиясы быйыл августтун аягында ишке берилди. Жогорку чыңалуудагы бул чубалгы Жалал-Абаддагы 500 кВ кубаттуулуктагы "Датка" көмөк чордону менен Чүй аймагындагы "Кемин" көмөк чордонун байланыштырат. Чубалгы Камбар-Ата-1, 2 ГЭСтери аркылуу өтүп, узундугу 415 чакырымды түздү. Долбоор 2011-жылы башталып, ага жалпы 389 миллион 795 доллар сарпталганы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: