Сабалды делген наристенин атасы: “Ар бир үй-бүлөдө уруштар болот, бирок баламды сабаган эмесмин”
“1 жаш 1 айлык баласын жана аялын сабаган” деп шектелген жаран (көк футболкачан)

“Ар бир үй-бүлөдө уруштар болот, бирок баламды сабаган эмесмин”,- деди бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG порталына “1 жаш 1 айлык баласын жана аялын сабаган” деп шектелген жаран.
“Милиция жыйынтык топтош үчүн мага “баланы сабады” деген айыпты тагып, уулумду ооруканага жаткырып койду. Бирок мен аны урган эмесмин. Күйөөсүн кызганбаган аял болбосо керек. Кызганычтан улам ар бир үй-бүлөдө уруш-талаштар болуп турат”,- деди кылмышка шектүү.
Айта кетсек, 1988-жылы туулган Аламүдүн районунун тургуну "15-сентябрда үйүнө мас болуп келип, аялын жана 1 жаш 1 айлык баласын сабап салган" деп шектелүүдө. Анын кесепетинен аялы менен наристеси ооруканага жаткырылган.
Сабалды делген наристенин атасы баласын урганын четке кагууда
Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Эрмек Райымбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
4

сабаса боло берет бекен.
Кийминди жууп,курсагынды тойгузуп,чуроктой бала тартууласа,дагы эмне керке.
Мындан откон бакыт жок да.
Так что куноо озундо.
Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат деген мына ушул. Эми карасан кыйын болуп жатканын, "сабаган эмесмин" деп... Жазалаш керек болчу ары жакка! Мындайларга жазасын бербесен, дагы күчөйт.