super.kg logo
  Саясат  

Шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары добуш берүү аяктагандан кийин 30 мүнөттө белгилүү болот

 
Парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары добуш берүү аяктагандан кийин 30 мүнөттүн ичинде белгилүү болот. Мындай маалыматты, бүгүн, 17-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттер менен жолугушууда билдирди. 
Анын айтымында, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо саат 20:00дө аяктайт деп айтылган. Бирок иш жүзүндө участкаларда акыркы шайлоочу добуш берип бүткөнчө, башкача айтканда, саат 20:15ке чейин созулушу мүмкүн. 
"Автоматтык урналар добуш берүү аяктаары менен жыйынтыктарды чыгарып берет, ошону менен биз шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын айта алабыз. Болжолдуу дегеним, анткени өлкө боюнча байланышы жок 20 участка бар. Ал жерлерде добуштарды саноо кол менен ишке ашат",- деди биринчи вице-премьер. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: