super.kg logo

Ысык-Көл облусунда үйүнө кирип барып күйөөсү менен аялын балта менен чапкылап өлтүргөн эки өспүрүм кармалды (фото)

 

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында үйүнө кирип барып күйөөсү менен аялын балта менен чапкылап өлтүргөн 1998-жылы туулган эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 14-сентябрда түн ичинде эки өспүрүм аталган айылдын тургундары: 1951-жылы туулган Айдарбек Байбоков менен 1953-жылы туулган жубайы Жумагүл Жороеванын үйүнө кирип, аларды мыкаачылык менен ур-тепкиге алып, алтын буюмдарын, уюлдук телефондорун, 100 миң сомго жакын акчасын жана короосунда турган Ауди А6 унаасын айдап кетишкен. Жубайы алган жаракатынан улам ошол жерден каза болуп калган. 15-сентябрда кошуналары милиция чакырышкан.

Милиция ал жайга келип, үйдүн ичинен аялдын жансыз денесин жана оор жаракат алып, эс-учун жоготуп жаткан үй ээсин көрүп, кылмышкерлер экөөнүн тең башына балта менен чапканын аныкташкан. Андан кийин үй ээси ооруканага жеткирилип, бир канча сааттан кийин өзүнө келе албай көз жумган.

Шектүүлөр кылмыш ишин жашыруу максатында Бишкек шаарына качып кетишкени издөө иштеринин натыйжасында антыкталган. Алар 16-сентябрда "Ош базарына" жакын жердеги үйлөрдүн биринде жашынып жаткан жеринен кармалышкан. Кармоо учурунда жанынан каза болгон жарандарга таандык буюмдар табылган. Ал эми унаасын Каракол шаарындагы автобекетке токтотуп коюшкан. Ошондой эле сурак учурунда эки өспүрүмдүн өздүгү аныкталып, экөө тең Түп районунан экени белгилүү болгон. Жыйынтыгында жасаган кылмыш ишин моюндарына алышты. Ал эми алардын бири шаарда жашап, унаа жуучу жайда иштеп келген болсо, экинчиси айылда жашап, буга чейин мал уурулукка шектелип издөөгө алынганы белгилүү болду.

Учурда тергөө иштери башталды. 







"Балта менен үй ээсин башка чапсам, аялы ойгонуп калды, аны да чаптым"

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(42)
17.09.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Каяктан уйронду мындай ишке барганды, ата энеси тарбия берген эмесби?
17.09.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rifle,Дунктон кобурок чегип алышса керек
17.09.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашабай жатып жасаган кылыктарын мындай ХХХ темир тор артында ХХХ ХХХ ХХХ... камаш керек
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-17 15:18:48
17.09.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ ХХХ... ал жактан да эки эсе зоокур болуп чыгат да бул мыкаачылар
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-17 15:19:01
17.09.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulnaz.GS, зоокур болуп чыкбай эле уже зоокур болуп калышканын байкабадынбы.?
17.09.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шумшуктор!Деги жакшы жанылык окубай калдык го(((Кудай берсин жазанарды.
17.09.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан каласын эй)
17.09.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашабагырлар бешиктен белинер чыга элек жатып кылган кылмышынарды кара, омурунор камакта ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-17 15:19:16
17.09.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХ ХХХ ХХХ... сурак терго деп отуруп тергочуго пул берип 1.2 ай камакта отурушат дагын эрте эле чыгып дагын ургонгон адатарын кылыша беришет.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-17 15:19:30
17.09.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалпы колдонуучуларга эскертүү!
Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазуудан алыс болгула!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: