Бишкекте мушташта бычактан жаракат алган мектеп окуучуларына операция жасалды

Бишкекте мектеп окуучуларынын ортосунда чыккан мушташта бычактан жаракат алган 3 балага операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG порталына №3-ооруканадан билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, учурда алардын абалы туруктуу. Ооруканада жабырлануучулар медициналык жардам алышууда.
Айта кетсек, 16-сентябрда саат 21:30 чамасында милицияга Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан №38-орто мектебинин жанында топтошкон балдардын ортосунда мушташ болгону боюнча маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда, ал жерден ар кандай жаракат алган 1999-жылы туулган Ө.Ю. жана 1999-жылы туулган Ө.Д. аттуу окуучулар "Тез жардам" менен №3-ооруканага жеткирилишкен. Жалпысынан бул мушташта 6 бала ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Алардын үчөөсү бычактан жабыркаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Чондорубуз минтип журсо жаш атуулдарыбыз кайжака бармак деп