super.kg logo
  Саясат  

Виктор Христенко: "ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүгө жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу жолунда мындан дагы чоң жыйынтыктарга жетебиз"

 

"ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүгө жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу жолунда мындан дагы чоң жыйынтыктарга жетебиз". Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Виктор Христенко бүгүн, 17-сентябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү менен куттуктап жолдогон телеграммасында белгилеген.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

2015-жылдын 1-январынан тартып Евразиялык экономикалык биримдик толук форматта Евразия интеграциясынын өнүгүшүнүн сапаттык жактан жаңы тепкичи болуп иштей баштады.

Кыргыз Республикасы биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болуп калды. Биз чектөөлөрдү жоюу, экономиканын түйүндүү секторлорунда макулдашылган саясатты жүргүзүү жолуна чыгуу багытында алдыга жылып баратабыз. Биз кызмат көрсөтүү рыногун акырындап либералдаштыруу боюнча кыйла жылыш жасадык.

Тыгыз кызматташтык аркылуу мындан дагы татаал маселелерди чечебиз, Евразиялык экономикалык  биримдиктин өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу жолунда мындан дагы чоң жыйынтыктарга жетебиз, ал эми Кыргыз Республикасы калыптанып жаткан бирдиктүү рыноктун артыкчылыктарын толук пайдаланат деп ойлойм.

Евразиялык экономикалык комиссияда биз союздун өлкөлөрүнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн активдүү иштөөгө даярбыз.

Сизге жана сиздин жакындарыңызга ийгилик, чың ден соолук, бакубатчылык жана бардык жакшылыктарды,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү иштерди каалайм". 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: