Кыргыз мамлекетинде ички аудиторлорду окутуу жөнүндө жобо бекитилди
Кыргыз мамлекетинде ички аудиторлорду окутуу жөнүндө жобо бекитилди. Каржы министрлигинин тийиштүү буйругуна ылайык, мамлекеттик башкаруу секторунда ички аудит кызматынын кызматкерлери тарабынан квалификациялык сынак берүү боюнча программалык камсыздоо үчүн техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлмөкчү. Министрликтин билдиришинче, мамлекеттик башкаруу секторунда ички аудиторлор үчүн квалификациялык сынактан өтүү үчүн тесттик суроолорду түзүп чыгуу милдети Каржы министрлигинин Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгына жүктөлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

