super.kg logo
  Саясат  

8 айда билим берүүгө 11 миллиард, саламаттыкты сактоого 6 миллиард, социалдык коргоого 16 миллиард сом жумшалды

 
Быйылкы жылдын 8 айында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө 36 миллиард 426 миллион сом жумшалды, бул республикалык бюджеттин жалпы чыгымынын 57,4 пайызы. Каржы министрлигинин билдиришинче, мурунку жылга салыштырмалуу социалдык тармактын чыгымы 2 миллиард 346 миллион сомго көбөйгөн. 
"Аталган мезгилде социалдык коргоого республикалык бюджеттен 16 миллиард 316 миллион 200 миң сом жумшалды, былтыркыдан 1 миллиард 154 миллион 700 миң сомго көп. Билим берүү тармагына 11 миллиард 989 миллион 900 миң сом жумшалды, былтыркыдан 625 миллион 600 миң сомго жогору. Саламаттыкты сактоо тармагынын чыгымы үчүн 6 миллиард 600 миллион 300 миң сом берилди, былткыркыдан 386 миллион 700 миң сомго көп. "Эс алуу, маданият жана дин" бөлүмү боюнча чыгым 1 миллиард 519 миллион сомду түздү",- деп айтылат маалыматта. 
2015-жылдын республикалык бюджетинде социалдык коргоого 28 миллиард сом, саламаттыкты сактоого 13 миллиард 800 миллион сом, билим берүүгө 21 миллиард 300 миллион сом каралганы айтылды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: