super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: “Бир шаарда эки маданият болбошу керек”

 

17-сентябрда “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Бишкектин Учкун кичи районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүштү. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууга 3 миңдей тургун келип, “ата мекенчилерге” суроолорун узатып, жооп алышты. Жолугушуу абдан кызыктуу өтүп, 2 сааттан ашык убакытка созулганы айтылды.

Учкундуктар менен жолугушууга партия лидери Өмүрбек Текебаев, партия мүчөлөрү: легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов, белгилүү кинорежиссёр, коомдук жана мамлекеттик ишмер Садык Шер-Нияз, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары: Наталья Никитенко жана Жоомарт Сапарбаев, талапкерлер: Камалдин Токтосартов, Фархад Бекмамбетов, Казыбек Эргешов жана башкалар катышты.

Тургундар тарабынан берилген суроолордун басымдуусу жаңы конуштарда жашаган калктын жарандык статустары тууралуу болгону, алардын дээрлик көпчүлүгү каттоого турушпагандыктан, өздөрүнүн укуктарын толук кандуу колдоно алышпай жатканы айтылат маалыматта. Чогулгандар мамлекеттик башкаруу боюнча реформа тууралуу партиянын позициясы кандай экенине да кызыгышкан.

Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз курулуштарды легалдаштыруу жана жарандардын өз укуктарына толук кандуу ээ болушу үчүн аларды мамлекет тааный турган абалга алып чыгуу максаттары партиянын программасында камтылганына токтолду. “Ата Мекен” партиясы шайлоодо татыктуу орун алып чыкса, алдыдагы максаттарын ишке ашырарын айтты.

“Мыйзамсыз турак үйлөрдүн тургундары кырдаалдын кысымында калышкан. Алардын өз үйлөрүнө ээ болгон документтери да жок. Ошондон улам жашаган жерине каттала алышпайт. Бул 100 миңдеген адамдарды социалдык-граждандык укуктарынан ажыратат. Мамлекет аларды көрмөксөнгө салат. Биз муну туура эмес деп эсептейбиз. Биз жарандарыбызга алардын үйлөрүн легалдаштырып, мыйзамдаштырып, аны менен кошо жарандык укуктарын кайтарып беришибиз керек”,- деди партия лидери.

Өмүрбек Текебаев партиянын максаты – республиканын жарандарынын турак жайга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу жана биринчи кезекте массалык түрдө социалдык турак жайды куруп, ал эми жеке үй куруучуларды жер тилкеси менен камсыз кылуу зарылдыгын кошумчалады.

“Бир шаардын ичинде эки маданият болбошу керек. Жарандын татыктуу жашоосу үчүн бирдиктүү стандарт болушу зарыл, бул багытта “Ата Мекен” партиясынын иштиктүү пландары бар”,- дейт Текебаев. 

Учкун кичи районунун тургундары партиянын программасын, айрыкча Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча максаттарын кызуу колдоп, алардын ишке ашышына колдоо көргөзүшөрүн партияны шайлоо менен дадилдешерин билдиришкени айтылат маалыматта. 

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


 

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: