Кыргыз жериндеги уран калдыктары көмүлгөн жайлардын көйгөйү эл аралык жыйында көтөрүлдү



Кыргыз мамлекетинин делегациясы 14-18-сентябрда Венада өткөн Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы конференциясына катышып, уран калдыктары сакталган жайларга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүгө чакырык жасады.
Делегация башчысы Үсөн Усупов уран калдыктары сакталган жайлардын радиациялык коркунучун азайтуу, онкологиялык оорулуулардын санын кыскартуу боюнча улуттук жана аймактык деңгээлде көрүлүп жаткан аракеттерге карабай бул көйгөй актуалдуу бойдон турганын белгиледи. БУУнун Башкы ассамблеясынын 2013-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен кабыл алынган "Борбордук Азияда радиациялык коопсуздукту камсыздоодо эл аралык коомчулуктун ролу" деген резолюциясына көңүл бурулганын өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

