super.kg logo
  Саясат  

Өлкөгө контрабандалык жүк алып кирүүгө каршы күрөштү күчөтүү талабы коюлду

 

Өкмөттө бүгүн, 18-сентябрда мамлекетке аткезчилик жол менен жүк алып кирүүгө каршы күрөшүүнүн абалы боюнча жыйын өтүп, ага укук коргоо жана фискалдык органдардын жетекчилери катышты.

Премьер-министр Темир Сариев аталган тармакка жооптуу органдарга бир катар тапшырмаларды берди, алардын арасында: Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик жол менен товарларды алып кирүү жана чыгарууга каршы күрөштү күчөтүү үчүн 5 күндүн ичинде тергөө-оперативдик тобун түзүү, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине контрабандалык иштерге тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмалары бар.

Өкмөттүк аппараттын Коргоо, укук тартиби жана чукул кырдаалдар бөлүмүнө контрабандага каршы иштерди күчөтүү боюнча тиешелүү органдардын бирдиктүү иштеши үчүн атайын жобо иштеп чыгуу тапшырмасы да берилгенин билдиришти өкмөттүк аппараттан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: