super.kg logo
  Саясат  

БШКда "Азаттык" партиясын шайлоодон четтетүү сунушу каралууда

 
Шайлоо алдындагы үгүт иштерине жашы жете элек балдарды тартканы үчүн "Азаттык" саясий партиясын шайлоодон четтетүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиянын кезектеги жыйынында БШКнын мүчөсү Нурмамат Ашимов билдирди. Анын айтымында, аталган партия шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууда.
"Аталган саясий партиянын агитациялык иштеринде кичинекей балдардын шайлоого үгүттөп жаткандыгы көрүнүп турат. Бул мыйзамга туура келбейт. 
"Азаттык" партиясына биз бул боюнча 14-сентябрь күнү расмий эскертүү берип, жаш балдар тартылган баннерлерди чечүүнү айтканбыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин буйрук аткарылган жок. Мындан улам биз аталган партияга дагы расмий эскертүү берип, ал да аткарылбаса, тийиштүү мыйзамдын 28-беренесине ылайык, партияны каттоодон алып салууну сунуштайбыз",- деди Ашимов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: