super.kg logo
  Саясат  

Адылбек Касымалиев: "Бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү -учур талабы"

 

Каржы министрлиги республикада жүргүзүлүп жаткан социалдык жана экономикалык реформаларга карата мамлекеттик каржыны башкарууга тийиштүү мыйзамдарды жакшыртуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Бюджеттик кодекстин долбоору талкууланган коомдук угууда каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик бюджет - экономикага таасир этүүчү эң башкы каражат. Бюджет мыйзамдарынын негизи болгон “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзам 1998-жылы кабыл алынган, андан бери 17 жыл аралыгында аталган мыйзамдын 58 беренесинин 5 беренесинен башкасы өзгөрүүгө учураганы айтылды. Бюджет боюнча бардык мыйзам нормаларын бириктире турган жана эл аралык стандарттарга, республикадагы ар кандай өзгөрүүлөргө жооп бере турган жаңы кодекстин долбоорунда бюджеттин ачык-айкындуулугу, туруктуулугу, натыйжалуулугу жана башка нормалар боюнча механизмдер киргизилгенин айтат министр.

Быйыл июнда долбоор Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде экинчи окууда каралып, аны 2015-жылдын 15-сентябрында кайрадан кеңири талкуулоо чечими кабыл алынган. Каржы министри Адылбек Касымалиев бюджет долбооруна экинчи окуунун жүрүшүндө 262 сунуш келип түшкөнүн, күзгө чейин ал сунуштар дыкат каралып чыгарын билдирген эле. Документтин долбоору жакында толукталып иштелип чыккан. 

Бюджет кодекси кабыл алынса, мамлекеттик бюджет мамилелерине байланыштуу 16 улуттук мыйзамдын жоюлушу күтүлөт. Алардын өзөгү бирдиктүү Бюджет кодексинин өзүндө камтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: