super.kg logo
  Саясат  

Туйгунаалы Абдраимов: “Шайлоочу кимге добуш бергенин эч ким билбейт”

 

“Шайлоочу кимге добуш бергенин эч ким билбейт жана айта албайт”. Мындай пикирин бүгүн, 18-сентябрда журналисттерге берген маалыматында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, кээ бир саясий партиялар шайлоо мыйзамын бузуу менен биометрикалык идентификациялык номерлерди чогултуп жатышат.

Партиялар мунун баарын шайлоо күнү бекитилүү болгон талондор менен салыштырууну ойлонушууда, бирок биз азыр токтом кабыл алдык. Ага ылайык, шайлоо күнү идентификация болгондо таптакыр башка өңдөгү чоң сандар менен жазылган талондор берилет. Мындан тышкары кээ бир партиялар “шайлоодон кийин Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир тилкеде добуш бергендердин тизмесин илет, ошондо биз силердин кимге добуш бергениңерди билип коёбуз” деп айтып жатышыптыр. Туура, мыйзам боюнча шайлоого катышкандардын аты-жөнүн илебиз, бирок алар кимге добуш бергенин илбейбиз”,- деди БШК төрагасы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: