super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн жарандардын биометрикалык маалыматтарын жана добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча арыз кабыл алуу токтотулду

 
Жарандардын биометрикалык маалыматтарын жана добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча арыздарды кабыл алуу бүгүн, 18-сентябрда саат 18:00дө токтотулду. Бүгүнкү күнгө чейин добуш берүү дарегин өзгөрткөндөргө Бишкек жана Ош шаарларында 39 шайлоо тилкеси ачылып, иш жүргүзүлдү. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, буга чейин Бишкекте 54 миңден, ал эми Ош шаарында 20 миңден ашуун жаран добуш берүүчү дарегин өзгөртүүгө жетишкен. 18-сентябрь күнү арыз бергендердин арыздары эртеңден баштап каралып, тизмеге киргизүү аракеттери жүргүзүлөт. Биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын саны 16-сентябрга карата 2 миллион 813 027 жаранга жетти.

Ошол эле учурда өлкө аймагында жана чет өлкөдө иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын айрым жарандары биометрикалык маалыматтарын тапшырбай калганы үчүн парламенттик шайлоодо добуш берүү укугуна ээ боло алышкан жок. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: