super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин жана Оштун айрым жерлеринде добуш берүү үчүн чатырлар тигилет

 

Шайлоо күнү өлкө боюнча 10го жакын чатырларда добуш берүү өткөрүлөт. Муну бүгүн, 18-сентябрда БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов журналисттерге өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мындай чара айрым жаңы конуштарда чоң имараттардын жок болгондугуна байланыштуу көрүлүүдө.

Ак-Жар конушунда бир да чоң имарат жок экен. Анын үстүнө кээ бир аймактарда 5 миңге жакын шайлоочу добуш берүүгө катышат. Мындан улам бул чатырларга көбүрөөк урна, идентификация кылыш үчүн ноутбук коёбуз жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн санын көбөйтөбүз. Чатырлар көбүнчө Бишкек жана Ош шаарларында тигилет”,- деди Абдраимов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: