super.kg logo

Жалал-Абадда кылмыш боюнча арыз жазган аял өзү шектүү болуп кармалды

 

Жалал-Абадда кылмыш боюнча арыз жазган аял өзү шектүү болуп кармалды. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ноокен районунун Ношкен айылында жашаган М.Х. аттуу аял милицияга уурдоо фактысы боюнча арызданган. Анын арызында:

"2015-жылдын 18-сентябрь күнү саат 00:30 чамасында үйүмдө уктап жаткан учурда кара түстөгү бет кап кийген 25-30 жаштардагы 3 белгисиз адам менин бөлмөмө кирип, моюнума бычак такап, "кыймылдасаң өлтүрөбүз, силер мени мурда көп акчага түшүргөнсүңөр" деп коркутуп, буту-колумду жана оозумду жоолук менен байлап коюшкан. Кайненемдин да колу-бутун байлап, көтөрүп келген темир куралы менен акча сакталган сандыктын кулпусун ачышып, ичиндеги кайнатамдын 265 000 сом акчасын алып, из жашырып кетишкен",- деп жазылат.

"Милиция тергөө иштерин жүргүзүп, бул арызды жазган аял жалган көрсөтмө бергендигин аныктады. Ал сандыктан алган акчанын бир бөлүгүн өзүнүн таанышына карызга бергенин, калган акчаны өзүнүн кызыкчылыгына жашыруун түрдө иштетип койгонун айтты. Ал кутулуунун амалын издеп жогоркудай жалган көрсөтмө бергени белгилүү болду. Учурда тергөө уланууда",- деп билдирет Жалал-Абад ОИИБи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
21.09.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куру дооматтан сакта...мындай катындан барынан жогу.
21.09.2015. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омээй." Уурунун жолу кууш" деп бекер айтылбаган да. Кара санатай аял экен.
22.09.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олдунго дадин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: