"Ата Мекен": "Ак-Талаа логистикалык борборго айланат"



"Ата Мекен" партиясынын үгүт кербени Ак-Талаа районунда уланып, ак-талаалыктар талапкерлерди жылуу тосуп алышты. "Ата Мекендин" маалымат кызматына таянсак, жолугушууда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев Нарын өрөөнүнөн элдин керегине жараган далай мыкты адамдар, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилер чыкканын белгиледи. Ак-талаалыктар колдошсо, аталган райондон “Ата Мекен” партиясынын катарында ат салышууга бара жаткан Кылычбек Исамамбетов дагы мына ушундай мыкты кадрлардын катарын толуктай турганын айтты.
“Партиянын алдында турган ири долбоорлордун бири иш жүзүнө ашса, темир жол Торугарт аркылуу, Ак-Талааны аралап, Үгүт айылынын жанынан өтүп, Ак-Талаа логистикалык борборго айланат. Ак-талаалык ишкерлер Кытайдан Парижге, Чыгыштан Индияга, Атлантика, Тынч океанга чейин ишкерлигин жүргүзүүгө, карапайым адамдарыбыз ошол жактарга барып эс алууга шарт түзүлөт”,- деди Өмүрбек Текебаев.
Жалал-Абад-Балыкчы альтернативалык жолу тууралуу пикирин дагы ортого салып, аталган жол Нарын облусунун айылдарын аралап, Ак-Талаанын дагы экономикасынын өнүгүшүнө салым кошо тургандыгын айтты партия лидери.
“Ата Мекен” партиясынын Ак-Талаа районундагы үгүт кербени уюшкандык менен өтүп, ак-талаалыктар “ата мекенчилерди” кызуу колдошту",- деп жыйынтыкталат маалымат.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



