Мамлекеттик каттоо кызматы: Биометрикалык каттоодон өткөндөрдүн так саны жакында билинет
Биометрикалык маалымат тапшыргандардын жалпы саны 24-сентябрда белгилүү болот. Мамлекеттик каттоо кызматынан SUPER.KG`ге билдиришкендей, биометрикалык маалыматтарды бирдиктүү базага топтоо иштери аяктай элек.
Автор: Автандил Добулбеков
"24-сентябрга карата акыркы жыйынтык чыгат. 16-сентябрдагы маалымат боюнча өздүк маалыматын тапшырган жарандардын саны 2 миллион 813 027. Мунун канчасы шайлоого катышарын айта албайбыз, анткени шайлоого 18 жаштан жогоркулар катышышса, биометрикалык маалыматты 16 жаштан баштап тапшырышууда. Ошондуктан азырынча конкреттүү бир санды айтуу мүмкүн эмес. Акыркы күндөрү жеке маалыматын тапшыргандардын саны кескин көбөйгөндүктөн, маалыматтардын баары базага киргизилип бүтө элек",- деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.
Эскерте кетсек, 14 партия жарышка түшкөн парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар гана катыша алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

