super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик мүлктү жеке менчикке сатуудагы өкмөттүн планы тууралуу Эл аралык валюта фондунун өкүлүнө маалымат берилди

 
Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрүнө мамлекеттик мүлктү жеке менчикке сатуу боюнча өкмөттүн 3 жылдык планы тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлк саясаты башкармалыгынын башчысы Нурбек Үмөталиев менен Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылганын 21-сентябрда министрликтен билдиришти. "Жолугушууда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жыл аягына чейин Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген программасына ылайык мамлекеттик мүлктү менчикке чыгарууга даярдык көрүү иштери тууралуу да маалымат берилди",- деп билдирет мекеме. 
Эскерте кетсек, өкмөт быйыл 17 мамлекеттик мүлктүн үлүшүн жеке менчикке сатууну демилгелеп, сунуш парламенттен 29-июнда колдоо тапкан. Сатылчу мүлктөрдүн эң ириси - 100 пайыз мамлекеттин үлүшүнөн турган "Альфа Телеком" ("MegaCom") компаниясы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: