super.kg logo
  Саясат  

Порошенко: "Крымды блокадага алуу - крымдыктардын кайрадан Украинага кошулгусу келип жатканынын далили"

 
Украинанын президенти Пётр Порошенко Крымды блокадага алууну коомдук активисттердин акциясы деп атап, бул аракет крымдыктардын кайрадан Украинага кошулгусу келип жатканынын далили экенин билдирди. Президенттин пикирин бир катар чет элдик маалымат булактары жарыялашты. 
"Блокада - крымдык татар элинин активисттеринин акциясы" деген президент Украинанын чек арачыларына жана Ички иштер министрлигине акцияны өткөрүү учурунда чагымчылдыкка жол бербөө боюнча буйрук берилгенин айтты. 
Маалыматка таянсак, акыркы бир сутка ичинде Крымга азык-түлүк ташыган бир дагы оор жүк ташуучу унаа киргизилген жок. Акция 20-сентябрда саат 12:00дө "Чонгар", "Каланчак" жана "Чаплинка" өткөрүү пункттарында башталган. Активисттер саясий куугунтукка кабылып камалган адамдарды бошотууну, крымдык татарлардын жана Украинанын массалык маалымат каражаттарынын Крымдагы ишине кийлигишүүнү токтотууну, эл аралык журналисттердин жана адам укугу боюнча байкоочулардын Крымга тоскоолдуксуз киришин камсыздоону талап кылышууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: