super.kg logo
  Саясат  

Феруза Жамашева: "Сотко кайрылгандардын саны жыл сайын өсүүдө, былтыр 182 миңден ашуун арыз түштү"

 

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева 2012-2015-жылдар аралыгында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ал Жогорку Соттун төрагасы жана төраганын орун басарлары, мыйзам боюнча, үч жылдык мөөнөткө дайындалышарын айтты.

"Жогорку Соттун төрагасы менен анын орун басарлары 2012-жылы шайланышкан. Быйыл 3 жылдык мөөнөт бүтөт. Жакын арада төраганы жана төраганын орун басарын шайлоо өтөт",- деди Жамашева.

Анын айтымында, сотко кайрылган жарандардын саны жылдан-жылга өсүп жатат. "Өлкө боюнча сотко 2012-жылы 168 937 арыз түшкөн. Анын 150 780и каралып, чечим чыгарылган. Ал эми 2013-жылы 174 335 арыздын 153 658и каралса, 2014-жылы 182 422 жарандын арызынан 165 567си боюнча чечим чыккан. Бардык иштерге укуктук негизде, адилеттүү чечим чыгарууга аракеттер көрүлүүдө. Жогорку Сотко бүт соттук иштердин 10 пайызы гана жетет",- деди Феруза Жамашева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: