super.kg logo
  Саясат  

Феруза Жамашева: "Кылмыш иштери боюнча тергөөнүн сапаты начар болууда"

 
Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева 2012-2015-жылдар аралыгында аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатып: "Жогорку Сотто кылмыш иштерин автоматтык түрдө коллегияларга бөлүү боюнча программа киргизилип жатат. Ошондой эле архивдин электрондук вариантын түзүүнү ойлонуп жатабыз. Үч жыл аралыгындагы дагы бир жетишкендик сотторду окуудан өткөрүү болду. Жаңы дайындалган соттор сөзсүз түрдө эки жумалык окуудан өтүшөт. Мындан ары биз Сотторду окутуу борборунун макамын көтөрүүнү пландап жатабыз. 

Кыргыз Республикасындагы аялдар сотторунун ассоциациясын түздүк. Биринчи отуруму 25-26-сентябрда болот. Ал жакта кичинекей балдарга карата зомбулуктун алдын алуу каралат. 

Былтыр өлкөдөгү сот тутумунун 90 жылдыгын өткөрдүк. Бул маанилүү маараке болду. Сентябрдын башында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын 10-кеңешмеси өттү",- деди.

Төрайымдын айтымында, өлкө аймагындагы кылмыш иштери боюнча тергөөнүн сапаты начар болууда. Ошондой эле бул жаатта прокуратура менен ички иштер органдары өз ара иштерди алып барышы керектигин айтып өттү. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: