Кыргыз жеринде төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулушу мүмкүн

Кыргыз жеринде төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Байышбек Жуманазаров Бишкекте өткөн кыргыз-орусиялык биргелешкен конференциясында билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү төө буурчактын 0,5 пайызы гана Орусияга экспорттолууда.
“Орусиянын Новосибирск облусунун губернаторуна төө буурчакты консервация кылып чыгаруучу завод куруу тууралуу сунуш киргиздик. Анын жыйынтыгы кандай болорун азырынча айтуу кыйын. Биз төө буурчакты көбүнчө Түркия менен Европа өлкөлөрүнө экспорттойбуз. Орусиялык рынок биз үчүн “уктап жатат” десек болот.
Негизи, кыргыз жергесинде өндүрүлгөн эт, жашылча же мөмө-жемиш болобу, аны чийки түрүндө эмес, өзүбүздө кайра иштетип тышка чыгарсак бир топ пайда көрмөкпүз. Биринчиден, мындай азык-түлүк жолдо бузулуп кетпейт, экинчиден, өлкөдө заводдордун эсебинен жумуш орундары түзүлөт жана өлкө бюджетине бир топ каражат түшмөк”,- дейт Жуманазаров.


