super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева "азыркы ааламдашуу доорунда тилди өнүктүрүү ишин интернет аркылуу жүргүзүү зарыл" дейт

 

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 22-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанатка катышты.

“Кыргыз тили – кыргыз улутунун гана эмес, Кыргыз Республикасынын эне тили. Мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлдеги мамиле жана жогорку жоопкерчилик болушу керек. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен гана биз туруктуу, өзүбүздүн уникалдуу салт-санааларыбызды, үрп-адаттарыбызды, жаратылышыбызды сактаган күчтүү кыргыз өлкөсүн түзө алабыз”,- деди Ниязалиева.

Вице-премьер “2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы" кабыл алынганын, муну менен мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү багыттары аныкталганын белгиледи. Программалардын максаты мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук колдонууга шарт түзүү экени айтылды. 

“Азыркы ааламдашуу заманында тилди өнүктүрүү ишин интернет булактары аркылуу жүргүзүшүбүз зарыл. Интернетти кыргызчалоо, кыргыз тилинде сапаттуу электрондук продукция чыгаруу жагын тезинен колго алышыбыз керек. Бул жаатта бир топ иштер жүрүп жатат, бирок жетишерлик эмес”,- деп кошумчалады өкмөт өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: