super.kg logo

Бишкектин "Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери "мүлктү мыйзамсыз ижарага беришкен" деп айыпталышууда

 
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 23-сентябрда Бишкектин “Жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактысы табылганын билдирди. Аталган ишкананын кызматкерлери мыйзамдарды бузуу менен муниципалдык менчиктеги объектилерди (сейил бактар, эс алуу аймактары) үчүнчү жактарга ижарага беришкени, пайдаланганы үчүн ижара акысынын өлчөмү төмөндөтүлгөнү, ижарадан түшкөн акчаны Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчиктер башкармалыгына которушпаганы айтылат маалыматта.

Эсептөө палатасынын текшерүүсүндө мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 6 миллион 394 700 сомду түзгөн.

Факт боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат.

 

 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: