super.kg logo
  Саясат  

ИИМ: Жаштардын массалык мушташуусу көбөйүүдө

 
"Өспүрүмдөр арасында массалык мушташуулар көбөйүп жатканы байкалууда. Мындай көрүнүштүн түпкү себептерин жана жашы жете электердин кылмышка аралашуусу менен күрөшүү ыкмаларын табышыбыз керек",- деп билдирди ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев 22-сентябрда Бишкек ШИИББинде өткөн жыйында. 
Отурумда балдар арасындагы кылмыштуулук, алардын алдын алуу жолдору талкууланып, балдар менен иштеген бөлүмдөрдүн башчыларынын маалыматы угулганы айтылды. Министрдин орун басары көйгөй менен күрөшүүдө бардык мамлекеттик органдар тыгыз иштешүүсү керектигин айтат. "Алдын алуу иштери комплекстүү мүнөзгө ээ болуп, көйгөйдү чечүүгө балдардын татыктуу жашоосун көзөмөлдөөчү бардык органдар кызыкдар болушу зарыл. Өспүрүмдөргө коомдук көзөмөлдү күчөтүү жана шаардыктарды кыраакы болууга чакыруу керек",- дейт Орозалиев. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: