super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев Улуттук хирургия борбору жана Улуттук госпиталдын абалы менен таанышып өттү

 
Бүгүн, 23-сентябрда премьер-министр Темир Сариев Бишкектеги Улуттук хирургия борбору жана Улуттук госпиталдын абалы менен таанышып өттү. Текшерүү иш-чарасына вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Улуттук хирургия борборунун директору Канат Мамакеев, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагынбаева да катышты. 
Ооруканаларды текшерүү маалында жаңы жетишкендиктер, ошондой эле кемчиликтер айтылды. Белгилүү болгондой, жогорудагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде кадр маселеси жок, бардык медицина кызматкерлери жетиштүү. Муну менен катар имараттарды оңдоп-түзөө жана заманбап медицина жабдыктары менен камсыздоо зарылчылыгы белгиленди. Текшерүүнүн жыйынтыгы Республикалык илимий медициналык китепканада Темир Сариевдин катышуусу менен уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: