super.kg logo

Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

 
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев элди Курман айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну мындай: 

"Урматтуу мекендештер!

Урматтуу мусулмандар!

Силерди Курман айт майрамыңар менен куттуктайм!

Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы. Бул күндү кыргызстандыктар дасторкон жайып, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп алышат. Бул күнү ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман-ырыскы уяласын!

Курман айт күнү бардык тилектериңерди Жаратканыбыз кабыл кылсын. Жакшы ой-максаттарыңар ишке ашып, ыйык Мекке шаарында мусулмандык парзын аткарып жүргөн кыргызстандыктардын ажылык зыяраттары кабыл болуп, мекенибизге аман-эсен кайтып келишсин. 

Жараткан Кыргызстаныбызды бөөдө кырсыктан сактасын. Жерибизге тынчтык жана бейпилдик, элибизге ынтымак жана биримдик берсин!

Ата Мекенибиздин асманы ачык, жеринде тынчтык, бейпилдик өкүм сүрсүн.

Айтыңар маарек болсун, урматтуу мекендештер!

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы 

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: