super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Соттун төрайымы болуп Айнаш Токбаева шайланды

 

Жогорку Соттун судьялары Жогорку Соттун төрайымы жана төрайымдын орун басарларын шайлашты. Бул тууралуу 23-сентябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жогорку Соттун төрайымы болуп Айнаш Токбаева шайланды. Төрайымдын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары болуп Качыке Эсенканов, жарандык иштер боюнча орун басары болуп Феруза Жамашева, административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басары болуп Анархан Базаралиева шайланды.

Эске салсак, 2012-жылдын сентябрь айында Жогорку Соттун төрайымы жана 3 орун басары шайланган, ушул жылдын сентябрында алардын кызматынын мөөнөтү аяктады. Ал эми буга чейин Жогорку Соттун төрайымы кызматында Феруза Жамашева иштеп келген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: