super.kg logo

Кыргыз-тажик чек арасында орун алган жер титирөө өлкөдө акыркы 4 күндүн ичиндеги бешинчиси болду

 

23-сентябрда саат 11:23тө күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту жарыялады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринин чек арасында, Бор-Дөбө айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышка карай жайгашкан. Бул айылда жана коңшу калктуу аймактарда жер силкинүүнүн күчү 3 баллга сезилди. Алдын ала маалыматтарга ылайык, табигый кырсыктан улам зыян тарткандар жок.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган. 21-сентябрда Нарын облусундагы Арпа өрөөнүндө да күчү 3 баллга жеткен жер силкинүү болгон. Ал эми 22-сентябрда түнү Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.09.2015. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Ошто да үйдө жатсам жер силкинди
24.09.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын! Менин зилзалафобиям бар..
24.09.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al-abu-kinesz, зилзалафобиям бар? Ал эмнеси?
24.09.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкасанар, ар жерде болуптур жер титироолор. Ыйманыбызды жоготуп бараткан жокпузбу Кыргызтаным? Аллахтын эсинерге келгиле деген белгилери эмеспи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: