SUPER.KG порталына калеми курч, чагылгандай ыкчам, интернеттин тилин жакшы билген, креативдүү идеяларга бай, тажрыйбалуу кабарчылар керек!
SUPER.KG порталынын "СОҢКУ КАБАР" бөлүмү кандай кабарчыларды издейт?
Кыргыз жана орус тилинде эркин сүйлөгөн, эгерде кошумча чет тилдерди билсе, аларга артыкчылык берилет. Калеми курч, сөзү мурч, чагылгандай ыкчам, саясат жана коомдогу жаңылыктардан артта калбаган, кызыктуу темаларды табууга жөндөмдүү, сабаттуу, жогорку билимдүү (сөзсүз журналистика факультетин бүтүрүү шарт эмес), жарандык позицияга ээ жана креативдүү идеяларга бай, интернеттин тилин жакшы билген жаштарды жамаатыбызга чакырабыз.
Өзүңүзгө ишенсеңиз, жоопкерчиликтүү болсоңуз, бизге иштейм деген каалооңуз күч болсо, резюмеңизди admin@super.kg дарегине жөнөтүңүз. Ошондой эле иш убактысында (09:00дөн 18:00гө чейин) (0312) 47-39-39, (0557) 47-39-39 номерлери аркылуу байланышсаңыз болот.
кошулду



Иш орду Бишкек шаарында. Айлык акы сүйлөшүү убагында айтылат.
Алгач резюмесин карап, эгер биздин командада иштей алат деп эсептесек маектешүүгө чакырабыз.
Иш убактысы 09:00дөн 18:00гө чейин. Сиз айткан график каралган эмес.
Резюмеңизди жөнөтүп койсоңуз болот.
Бизге кабарчы керек.
Озум башка кесиптин ээси болгонума карабай кызыгуум журналистика жаатында. Менда сиздердин коллективте иштегим келтат...
Резюмеңизди жөнөтүңүз, карап көрөбүз.
Сөзсүз жогорку билимдүү болушу керек.
kabar@super.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.
Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибере аласыз.
Жогорку билим болуу зарыл.