Муфтият: "Сауд Арабиясында тебелендиде калып каза болгондордун арасында кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын бар же жок экени такталууда"



Бүгүн, 24-сентябрда Сауд Арабиянын Мина өрөөнүндө зыярат учурунда тебелендиде калып каза болгондордун арасында кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын бар же жок экени такталууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Учурда тебелендиде калып каза болгондордун саны 310 адамга жеткенин Сауд Арабиянын Коопсуздук кызматына таянуу менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал эми жаракат алгандардын саны 450 адам экени айтылды.
Окуя бүгүн түшкө жакын Меккеден 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Мина өрөөнүндөгү Жамра көпүрөсүндө орун алган. Анда зыяратчылар шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсүн аткарып жатышкан.
Айта кетсек, учурда Сауд Арабиясында Кыргыз Республикасынын 4 миңден ашуун жараны ажылык милдетин аткарып жүрөт.
Меккеде 220 адам тебеленсе, Йеменде жардыруудан 22 адам каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Бир молдо айтты эле, үйдө Куран китеп турса, жаман күчтөр жолобойт, алар коркушат деп.А Сауд Арабияда: Мекке, Мединада үзгүлтүксүз, Кудайдын куттуу күнү куран, дуба окулуп турса керек. Эгер жогорудагы молдокенин айтканына таянсак, анда ал жакта шайтан такыр болбош керек да, мен ушундай түшүнүп жатам. Анан кайсы шайтанга таш ыргытышат...