super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз делегациясы Кытайда өтүп жаткан товарлардын жарманкесине катышууда

 
Аймактык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык мамилени өнүктүрүү максатында 24-26-сентябрь күндөрү Кытайдын Сиань шаарында товарлардын жарманкеси өтүп жатат. Ага экономика министри Олег Панкратов баш болгон кыргыз делегациясы катышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жарманкеде ШКУнун аймагында атаандаштыкка туруштук бере алган товарлар, соода-сатык, инвестиция жаатындагы программалар, энергетика, транспорт, өнөр жай, айыл чарба, илим жана техника, маданият, экономика тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүчү долбоорлор көрсөтүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: