“Ата мекенчилер” Тогуз-Торо районунда болушту



“Ата Мекен” партиясынын үгүт кербени Казарман айылында уланды. Партия лидери Өмүрбек Текебаев талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Акат Момунов жергиликтүү шайлоочулар менен жолугушканын партиянын маалымат кызматы билдирди.
“Ата мекенчилердин” казармандыктар менен жолугушуусу Курман айт күнүнө туш келгенине карабай, 3 миңдей жергиликтүү жашоочулар партиянын шайлоо алдындагы программасын, платформасын угууга чогулганы, айыл аксакалдары партия лидери Өмүрбек Текебаевди жана талапкерлерди жылуу тосуп алышканы айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар талапкерлерге бир катар суроолор менен кайрылышкан. Жер өлчөмүнө жараша Социалдык фонддун төлөмдөрү көбөйүп кеткенине көптөгөн нааразычылыктар айтылып, мындан тышкары жайыт, Тогуз-Торо аркылуу өтүүчү темир жол каттамынын курулушу жана башка маселелер тууралуу пикир алышуу болду.
Жолугушуу соңунда аксакалдар Өмүрбек Текебаевге жана “ата мекенчилерге” ийгилик каалап узатышканы айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



