super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: “Тогуз-Торо тогуз жолдун тоомуна айланат”

 

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Тогуз-Торо районунун Казарман айылында эл менен жолугушту. Жолугушууда партия лидери Тогуз-Торо аймагынын келечеги жана социалдык-экономикалык абалы тууралуу пикир айтканын партиянын маалымат кызматынан билдиришти.

Текебаев Кыргызстан геосаясий, геоэкономикалык капаста турганына токтолуп, “Ата Мекен” партиясы көз каранды эмес мамлекетти куруу аркылуу өлкөнү ошол капастан чыгарарын белгиледи.

“2000-жылы мен Кыргызстандын Тогуз-Торо району аркылуу Жалал-Абадга өткөн темир жол куруу боюнча мыйзам долбоорун жазгам. Ал Кытайдан Торугартка кирип, Нарынды аралап өтүп, Тогуз-Торо аркылуу Жалал-Абадга өтмөк. 2001-жылы декабрда ал мыйзамга Акаев кол койгон. Ошондон бери 15 жыл өттү. Ал жол бүгүн курулуу алдында турат. Кудай буюрса, бул жол 1-2 жылда бүтөт. Тоону тешип отуруп, Тогуз-Торону тоо арасындагы туңгуюктан чыгарабыз. Өлкөнүн бардык аймактары менен катыша алган тогуз жолдун тоомуна айланат”,- деди Өмүрбек Текебаев.

Аталган мыйзам долбоорун эмне үчүн киргизгени тууралуу айткан партия лилери дүйнөнүн башкы державалары жана башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы болуп, ал темир жол Кыргызстандын Тогуз-Торосу аркылуу өтпөй, Алайды жандап өтүп, Тажикстанга, андан ары Иранга өтүп кетсин деген көз караштарда болушканын белгиледи. Андай долбоор Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бермек эместиги айтылды, анткени эми курула турган темир жол Кыргызстанды аралап өтүп, 400 чакырымга созулат. Ар бир чакырымынан 1 тонна жүк алып өткөнү үчүн Кытай бизге жылына 500 миллиондон 1 миллиард долларга чейин акча төлөп, киреше алуу мүмкүнчүлүгү туулмакчы.

Партия жетекчиси бул темир жол курулса, коңшу өлкөлөр менен миллиондогон тонна жүк ары-бери ташылып, кыйла жеңилдиктер болорун белгилейт.

Жалал-Абад-Балыкчы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу курулуп жаткандыгын айткан Текебаев: “Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек. Мен биринчи темир жолду куруу багытын айткам, бирок Атамбаев андан мурун альтернативдүү автожолун баштап жиберди. Бул автожолдун курулушуна да биздин түздөн-түз тиешебиз бар. Жолдун маршрутун аныктаган, акча тапкан, долбоорун жазган “Ата Мекен” болду. Биздин квота менен келген Калыкбек Султанов 4 жыл министр болуп турганда ишке ашырды”,- деп кошумчалады.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: