2016-жылы жергиликтүү бюджеттердин суммасы 18,9 миллиард сомду түзөт
2016-жылы республиканын жергиликтүү бюджеттеринин суммасы 1 миллиард 455 миллион 300 миң сомго көбөйүү менен 18 миллиард 900 миллион 900 миң сомду түзөт. Каржы министрлиги сумманын көбөйүшү жергиликтүү бюджеттердин
кирешелеринин көбөйүшү менен байланыштуу экенин билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
"2016-жылга жергиликтүү
бюджеттердин долбоорлорун түзүүдө жалпы мамлекеттик жана башка кирешелерден 2016-жылга жергиликтүү
бюджеттердин долбоору Кыргыз Республикасынын
ченемдик-укуктук актыларынын
талаптарына жана эки баскычтуу бюджет системине ылайык аныкталган.
Жергиликтүү бюджеттердин жалпы саны 484 бирдикти түзөт. Анын экөөсү –
республикалык маанидеги шаарлар, он экиси – облустук маанидеги шаарлар, он
жетиси – райондук маанидеги шаарлар, төрт жүз элүү үчү – айыл аймактары",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

