super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: “Ата Мекен” өлкөнү логистикалык туңгуюктан алып чыгат"

 

“Кыргыз Республикасынын Борбордук Азиянын жаңы логистикалык борбору болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Өлкөбүз стратегиялык жолдордун жана коммуникациялык агымдардын кесилишинде турат жана бул жагдайды сөзсүз өз кызыкчылыктарыбыз үчүн колдоно билишибиз зарыл”,- деп Жапалак айылынын шайлоочулары менен жолугушуу учурунда Өмүрбек Текебаев билдирди.

Партиянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда Текебаев соңку 20 жыл ичинде транспорт системинин өнүгүүсү кыйла солгундаганын айтты. "Унаа жолдору курулбай, темир жол куруу боюнча долбоорлор токтоп, жаңы жогорку кубаттуулуктагы электр өткөрүү линиялары ишке киргизилбей, дымып калды. “Ата Мекен” өлкөнү тез арада логистикалык туңгуюктан алып чыгуу үчүн биргелешип аракет кылуу боюнча иш алып барат",- деди Ө.Текебаев.

Ошондой эле жолугушууда мамлекеттүүлүктүн негизин кемирип жеген коррупция коомдун өзөктүү баалуулуктарын да жокко чыгарып жаткандыгын айткан Өмүрбек Текебаев коррупция менен укук коргоо органдарынын жардамы менен гана күрөшүү анын себептери эмес, кесепеттери менен күрөшүү экендигин белгилеп, коррупцияга каршы ишмердүүлүктө мыйзамдык, экономикалык ыкмаларды кененирээк колдонуунун зарылдыгына токтолду.

Мындан сырткары ал “Ата Мекен” түздөн-түз таасир эте турган жаңы антикоррупциялык мыйзамды иштеп чыгып, анын ишке ашырылуусун саясий колдоого алууну камсыздоого ниеттенерин кошумчалады.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: