super.kg logo

Медеткан Шеримкулов: “Кадамжай-Сурьма” комбинаты Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан”

 

“Сиздердин айылдан Кыргызстандын белдүү кызматтарында иштеген инсан Абсамат Масалиев чыккан. Анын кезинде мен бул жакка иш менен көп келчүмүн. Кыргызда “бир күн даам сызган жериңе миң күн салам айт” деген кеп бар. Мен да сиздерге салам айтканы, ал-жайыңыздарды сураганы келип отурам”,- деди Медеткан Шеримкулов Кадамжай районунун калкы менен жолугушууда. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шеримкулов “Кадамжай-Сурьма”комбинаты кезинде Кыргызстандын атын ааламга тааныткандыгын жана дүйнөдөгү эң мыкты комбинат деп табылгандыгын айтып өттү. “Комбинат эки жылдан бери кайсы бир себептерден улам иштебей турат. Эгерде ал иштесе, Кадамжай жергесинин гана эмес, бүтүндөй кыргыз өлкөсүнүн экономикасынын жанданышына өз салымын кошмок”,- деди М.Шеримкулов.

Ал эми партиянын ишмердүүлүгү туурасында буларга токтолду: “Ата Мекен” партиясы - Кыргызстан азаттыкка жетишкен жылдардан бери социалисттик-либералдык багытты карманып келе жаткан партия. Чейрек кылым тарыхка, бай тажрыйбага ээ. Артында колдогон электораты арбын. Шайлоодо “Ата Мекенди” колдоп берсеңиздер, өлкөнүн гүлдөп-өнүккөн келечегине салым кошкон болосуздар”.

Партиянын басма сөз кызматы бүгүн кечке жуук “Ата Мекен” партиясынын үгүт кербени Баткен облусунун Кадамжай районуна келип жеткенин баса белгилейт. “Ата мекенчилердин” кадамжайлыктар менен жолугушуусуна 10 миңдей калк чогулду. Жолугушууда партия лидери Өмүрбек Текебаев, Медеткан Шеримкулов, Искендер Гайпкулов жана башкалар сөз сүйлөштү.

Маалымат катары айта кетсек, Кадамжай жергесинен Абдыкадыр Орозбеков, Төрөбай Кулатов, Абсамат Масалиев жана башка кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө эбегейсиз салым кошкон инсандар чыккан.

Кадамжайдагы жолугушуу эки сааттан ашык убакытка созулуп, суроо-жооп түрүндө уланды. Акырында аксакалдар “ата мекенчилерге” бата берип, ийгилик каалап узатышты.

Ал эми партиянын үгүт кербени эртең Баткен шаарында жана Лейлек районунун Исфана аймагында болуп, жергиликтүү калк менен жолугушмакчы",- деп жазылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: