Кыргыз өлкөсү менен Чехиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 6 айда 6 миллион долларды түздү




2015-жылдын 6 айында Кыргыз Республикасы менен Чехиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 6,2 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан биринчи кыргыз-чехиялык бизнес-форумда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, 2013-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көрсөткүчү 8,5 миллион долларды түзгөн, 2014-жылы товар жүгүртүү динамикасы жогорулап, жүгүртүүнүн көлөмү 25,5 миллион долларды түзгөн, анын 14,8 миллион доллары - экспорт, 10,7 миллион доллары - импорт.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
Чехиядан кыргыз жергесине кийимдер, алюминийден жасалган буюмдар, косметикалык жана транспорттук каражаттар, фармацевтикалык продукциялар жана башкалар импорттолот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

